Баскетбол боюнча Стамбулда өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионатта Түркиянын улуттук командасы франциялык атаандаштарын 95:77 эсебинде жеңди. Ага карабай, түркиялык баскетболчулардын устазы Богдан Тенеьевич: “Биздин оюнчулар жеңиш үчүн 100 процентке аракеттеништи. Бирок бул оюн мен үчүн жеңил болгон жок”, -деди беттешүүдөн кийин. Түркиялык баскетболчулар 8-сентябрда болчу чейрек финалдык оюнда Словениянын командасы менен таймашат. Адистер словениялык спортчулар түркиялыктарга караганда күчтүү экенин белгилешет.