Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:23

Ноокенде түштүктөгү коогалаң боюнча айыпталгандардын соту уланууда


«Азаттыктын» аймактык кабарчысы Ырысбай Абдыраимовдун билдиришинче, Ноокен районунда укук коргоочу Азимжан Аскаров баштаган сегиз адамдын соту түшкү саат бирге чейин тыныгуу алды. Буга соттолуп жаткан Абдураимов Магаматтын жактоочусунун сот жараянына келбей калышы себеп болгон.

Соттолуп жактандарга Базар-Коргондо 13-июнда болгон кандуу окуя боюнча адам өлтүрүүгө жана баш аламандыкты уюштурууга тиешеси бар деген айыптар коюлган. Мамлекеттик айыптоочулар буга чейинки сот жараянында угузган айыптоолорго караганда темир союл, жасалма найза, канжар, жардыргыч заттар менен куралданган адамдар 13-июнда аларды тартиптүүлүккө үндөп, “Ош- Бишкек” жолун ачууга чакырган райондук тартип сакчыларга кол салган. Натыйжада куралсыз 15 милиционер жабырланган. Денесине 28 ирет темир шиш сайылган милициянын капитаны М. Сулайманов өлтүрүлүп, өрттөлгөндөн кийин жол четине сүйрөлүп ташталган.

Бирок соттолуучулар мындай айыптоолорду четке кагып, тергөө бир жактуу жүргөнүн айтышууда. Сот иши ушул айдын башында Базар-Коргон районунда башталып, жактоочулардын ишти башка жерде кароо өтүнүчүнөн улам Ноокен райондук сотуна которулган.
(KKs)

XS
SM
MD
LG