Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:17

Ноокенде сот жараяны уланууда


Ноокен районунда укук коргоочу Азимжан Аскаров баштаган өзбек тектүү сегиз адамдын соту түшкү тыныгуудан кийин уланууда. Соттук ишти Базар-Коргон райондук көчмө соту Ноокен районунда карап жатат. Соттун жүрүшүндө 13-июнда өлтүрүлгөн милициянын майору Мыктыбек Сулаймановдун ата-энеси жабырлануучу катары көрсөтмө беришти. Өз сөзүндө маркумдун атасы Жусуп Сулайманов баласынын кыйналып өлтүрүлгөнүн, айыпталып жаткандарга өлүм жазасы берилишин талап кылып, талабы аткарылбаса өзү өч аларын билдирди.

Сегиз адам менен бирге соттолуп жаткан Азимжан Аскаровдун жактоочусу Нурбек Токтакунов, Аскаровдун денесинде көктөр бар экенин, аны медициналык текшерүүдөн өткөрүү зарылдыгын белгиледи. Учурда айыпталуучулар көрсөтмө берип жатат. Бул туурасында аймактан кабарчыбыз Ырысбай Абдыраимов билдирди.

Соттолуп жаткан сегиз адамга Базар-Коргондо 13-июнда болгон кандуу окуя боюнча адам өлтүрүүгө жана башаламандыкты уюштурууга тиешеси бар деген айыптар тагылган. Ошол эле учурда соттолуучулар мындай кинелердин негизсиз экендигин билдиришкен. Сот иши ушул айдын башында Базар-Коргон районунда башталып, жактоочулардын ишти башка жерде кароо өтүнүчүнөн улам Ноокен райондук сотуна которулган. (KKs)

XS
SM
MD
LG