Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:22

Тажик баш калаасында жардыруу болду


Дүйшөмбү шаарында түнкү клубда болгон жардыруудан бир нече киши жараат алды. Улуттук копсуздук комитетинин расмий өкүлү Нозиржон Буриевдин маалыматына ылайык, бул иш боюнча тергөө жүрүп жатат:

- Жардыруунун натыйжасында 4 киши жеңил жараат алды. Бул – теракт эмес, жөн эле бейбаштык болгону аныкталды. Тергөө уланууда.

Буга чейин айрым булактар 7 кишинин жабыркаганын кабарлашкан эле. Коопсуздук органдары ырастагандай, жардыргыч зат клубдагы үстөлдүн алдына коюлган. Өткөн жума күнү Тажикстандын түндүгүндөгү Кожент шаарында жанкечти милиция бөлүмүнө жасаган чабуулдан 2 милиционер набыт кетип, 20 чактысы жарадар болгон. Айрым адистер бул эки окуянын ортосунда байланыш жок болушу мүмкүн деп болжошот. Милицияга кол салууну Тажик бийлиги Өзбекстан Ислам кыймылынын согушкерлеринен көрүп жатат.

XS
SM
MD
LG