Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:09

Өзбекстанда кармалып турган подполковник бошотулду


УКМКга караштуу чек ара аскерлеринин кол башчысынын биринчи орун басары Чолпонбек Турусбековдун "Азаттыкка" билдиришинче, Өзбекстан чек арачылары кармап кеткен подполковник Исматилла Анарбаев бошотулду. 5-сентябрдын түнүндө буга чейин мыйзамсыз аракеттери үчүн Кыргызстанда кармалган Өзбекстандын үч бажы, бир коопсуздук кызматынын өкүлүнө алмаштыруу жолу менен Өзбекстандагы төрт чек арачынын үчөө бошотулуп, И. Анарбаев дагы эле кармалып турган эле. Чолпонбек Турусбеков билдиргендей подполковниктин бир күн кармалышынын негизги себеби өзбек чек арачылары менен чек ара маселелери тууралуу такташуу жана маалымат алмашуу болгон.
Өзбек чек арачылары 31-августта Кыргызстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү полковник Зияд Бегматов жана подполковник Исматилла Анарбаевди эки өлкө чегиндеги бейтарап аймакка сүйлөшүүгө чакырып, өз аймагына күчтөп алып кеткен. Ага удаа 1-сентябрь күнү Жалал-Абад аймагындагы Ала-Бука чек ара бөлүгүндө кызматын аткарып жүргөн жерден дагы эки кыргызстандык чек арачыны Өзбекстан чек арачылары кармап кеткен эле. (KKs)

XS
SM
MD
LG