Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

Укук коргоочу А. Аскаров медициналык текшерүүдөн өтүүдөн баш тартты


Укук коргоочу Азимжан Аскаров жана өзбек тектүү дагы жети адамдын соттук иши бүгүн Ноокен районунда Базар-Коргон районун көчмө соту тарабынан каралды. Анда жактоочу Нурбек Токтакунов Аскаровдун оң көзүндө көгала болгондугун айтып, аны медициналык текшерүүдөн өткөрүү керектигин соттон өтүнгөн. Калган жети айыпталуучуну да текшерүүдөн өткөрүү зарылдыгын алардын жактоочулары билдиришкен. Бул өтүнүчкө ылайык ишти карап жаткан Базар-Коргон райондук соттун судьясы токтом чыгарып, айыпталуучуларды медициналык текшерүүдөн өткөрүү ишин Ноокен райондук прокуратурага тапшырды.
Бирок Азимжан Аскаров медициналык текшерүүдөн өтүүдөн баш тартып, көзүнүн көгаласы кокусунан болгонун, ага эч кимдин тиешеси жоктугун “Азаттыктын” аймактык кабарчысы Ырысбай Абдыраимовго билдирди.

Июнь коогалаңына байланыштуу бул соттук иш эртең улантылат. Соттолуп жактандарга Базар-Коргондо 13-июнда болгон кандуу окуя боюнча адам өлтүрүүгө жана баш аламандыкты уюштурууга тиешеси бар деген айыптар коюлган. (KKs)

XS
SM
MD
LG