Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:53

Эрдоган күрттөрдү референдумга тегиз чыгууга үндөдү


12-сентябрда Түркияда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум болот. Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган Түркиянын түштүк-чыгышындагы Санлиурфа шаарында чогулган он миңдеген адамдарга кайрылып, референдумга жапырт чыгууга чакырды. “Жарандар эркин жана эч кандай кысымсыз добуш бериши керек”, - деп кошумчалады Эрдоган. Аталган аймактын калкынын көбү күрттөр.

Мунун алдында күртчүл “Тынчтык жана демократия” партиясы референдумду бойкот кыларын билдирген. Өкмөттүн айтышынча, Конституцияга киргизүлчү өзгөртүүлөр демократиянын кеңейүүсүнө өбөлгө түзөт. Ал эми сынчылар исламчыл өкмөт референдум аркылуу сот системасын көзөмөлдөөнү күчөткүсү келгенин айтышууда.

XS
SM
MD
LG