Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:02

Эртең эл аралык сабаттуулук күнү


8-сентябрда эл аралык сабаттуулук күнү белгиленет. Бул күнү дүйнөдө сабаттуулукту арттыруу маселелери көтөрүлүп, билим берүү системаларын өркүндөтүү аргалары изделет.

Ушул тапта дүйнөдө төрт миллиардга жакын адам сабаттуулугун жоюуга жетишсе да сабатсыздардын саны да кыйла бар. Маселен, дүйнө боюнча 860 миллионго чукул чоң кишилер сабатсыз болсо, 100 миллионго чукул балдар мектепке барышпайт. Анын үстүнө көптөгөн билим берүү системалары артта калгандыктан, бүгүнкү санариптик технологиялар заманында ошондой системаларда билим алгандарды толук сабаттуу деп айтышка болбой турат.

Айта кетсек, Кыргызстан да бир топ жылдан бери эл аралык билим берүү сапаты боюнча тизмелерде арткы орундарда келатат. (IJz)

XS
SM
MD
LG