Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында маалым болду. Маалыматка ылайык, жыйынга чогулган шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Орусияда кошумча 11 шайлоо бекетин ачуу демилгесин бир добуштан колдоп беришти. Ошентип Орусияда шайлоо учурунда 18 шайлоо бекети иштемекчи. Ал эми чет өлкөлөрдө жалпы 44 шайлоо бекети ачылат. (IJz)