Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:59

Р. Отунбаева: Шайлоодо добуштарды сатып алууга жол берилбейт


Бишкекте өтүп жаткан форумда сөз сүйлөгөн президент Роза Отунбаева шайлоодо добуштарды бурмалап, же сатып алууга жол берилбестигин, андай жолго баргандар, диний жана аймактык топтошуучулукка жол бергендер жана кырдаалды дестабилдештирүүгө аракет кылгандар мыйзамдын чегинде катуу жазаланарын билдирди. Ошондой эле Ош жана Жалал-Абаддагы жогорку окуу жайларда шайлоодон кийин окуу процесси кадимкидей уланаарын, шайлоо учурунда өлкөдөгү күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштерин белгиледи. Мындан сырткары президент партияларды өз кызыкчылыктары үчүн элди бөлүп-жарбоого, шайлоонун ачык болушу үчүн эл аралык уюмдарды туруктуу мониторинг жасоого чакырды. Шайлоо учурунда так маалымат берүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын жоопкерчилиги да президенттин сөзүндө белгиленди. Булар туурасында форумга катышып жаткан “Азаттыктын” кабарчысы билдирди.

“Мыйзамдардын сакталышы – шайлоо коопсуздугунун кепилдиги” деген аталыштагы форумга мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, шайлоого катышып аткан саясий партиялардын лидерлери, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана жарандык коом өкүлдөрү катышып жатышат. Форумда баардык кызыктар тараптар алдыдагы шайлоонун ачык жана таза өтүшү, коопсуздукту камсыз кылуу боюнча аракеттер тууралуу ой бөлүшүп, бирдиктүү чечимдер иштелип чыкмакчы. (KKs)

XS
SM
MD
LG