Бул туурасында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Болотбек Абдрахманов бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандан ажылык сапарга барчулар Меке шаарында акысыз мейманкана менен камсыз болот жана Мединада суткасына 100 доллардан мейманканага төлөшөт. Мындай жыйынтык Кыргызстандан барган топтун Сауд Арабиясынын бийлиги менен сүйлөшүүсүнөн кийин жетишилген.
Сауд Арабиядагы ажылык зыяратты уюштуруучулар Кыргызстандагы 7-апрелдеги жана июнь айындагы түштүктөгү окуяларга байланыштуу бул өлкөдөн зыяратчылар келбей калышы мүмкүн деген ойдо болушкан. Аларга түштүктөгү окуяларда өзбек тектүү жарандарга зордук-зомбулук көрсөтүлгөн деген бир жактуу маалымат тараган. Расмий Бишкектин өкүлдөрү Кыргызстандагы окуялар туурасында так маалымат берип, Сауд Арабиясындагы өзбек диаспорасынын лидерлери менен жолугуушудан соң уюштуруучулар Кыргызстанга ажылыкка орун берүү чечимине келишкен. Ажылык сапар ушул жылдын ноябрь айында башталмакчы. (KKs)