Айыл чарба министри Маматшарип Турдукулов өкмөттүн айыл-чарба иштери боюнча бүгүнкү отурумунда билдиргенине караганда, Кыргызстанда 384 миң гектардан ашык аянттагы буудай, арпа жыйналып алынды. Бул жалпы жыйнала турган дан эгиндеринин 76 пайыздан көбүн түзүүдө. Быйыл буудайдын орточо түшүмдүүлүгү гектарына 24,6 центнер, арпаныкы болсо 20,7 центнерге барабар болууда. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты. (KKs)