Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Түштүктөгү калабадан кийин козголгон иштер боюнча алгачкы сот өкүмү чыкты


Июнь коогалаңы учурунда киши өлтүргөн, каракчылык кылган жана массалык башаламандыктарга катышкан деген айып менен сот жообуна тартылган 42 жаштагы өзбек тектүү Жахангир Базаровду 3-сентябрда Ош облусундагы Кара-Суу райондук соту күнөөлүү деп таап, 23 жылга эркинен ажыратты. Бул маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Кубанычбек Сабыров бүгүн “Азаттыкка” тастыктады. Маалыматка ылайык, 2010-жылдын 12-июнунда Кара-Суудагы Бирдик айылынын тургуну 44 жаштагы Кубанычбек Умаровду белгисиз адамдар күч колдонуп, сабап, чөнтөк телефонун тартып кетишкен. Умаров окуя болгон жерде алган жараатынан улам каза болгон. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү делген Кара-Суу районунун Шарк айылынын тургуну Жахангир Базаровдун өздүгү аныкталган.

2010-жылдын 20-июлунда Ж. Базаровго карата сырттан айыбы угузулуп, издөө жарыяланган. Айыпкер Базаров ушул жылдын 24-июлунда кармалып, сурактын жүрүшүндө К. Умаровду таяк менен бир нече жолу урганын, чөнтөк телефонун тартып алганын мойнуна алган. (KKs)

XS
SM
MD
LG