Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Евробиримдик өлкөлөрүндө 2,4 млн. Түркия жараны жашайт


2009-жылдын башына карай Европа Союзуна мүчө 27 өлкөдө Түркиянын 2, 4 миллион жараны жашаган. Евростаттын маалымдашынча, түркиялыктар Евробиримдикке мүчө эмес өлкөлөрдөн келген чет элдиктердин эң чоң тобун же 8 пайызын түзөт. 2009-жылга карай Евробиримдиктин алкагында 32 миллион чет элдик жашаган. (Бул Биримдиктеги калктын 6 пайызы). Алардын үчтөн бири уюмга мүчө өлкөлөрдөн келгендер болгон. Мигранттардын эң чоң тобун румыниялыктар түзгөн. Румыниядан Биримдикке мүчө өлкөлөрдө 2 миллион жаран, Польшадан 1,5 миллион жаран жашайт. Германияда 7,2 миллион, Испанияда 5,7 миллион чет жерлик жаран жашайт.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG