Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:55

Франциядагы иш таштоого 1 миллиондон ашуун адам катышты

7-сентябрда Францияда болгон жалпы улуттук иш таштоого, ырасмий маалымат боюнча, 1 миллиондон ашуун адам катышты. Кесиптик союздар уюштурган акциянын катышуучулары өкмөттүн 2018-жылдан тартып, пенсияга чыгуу жашын 60тан 62ге жогорулатуу планына нааразылык билдиришти.


Иш таштоодон улам коомдук транспорт жана авиакаттамдар, ошондой эле мектептер иштеген жок.  Франциянын Улуттук ассамблеясынын мүчөсү Тьерри Мариани 7-сентябрда парламентте сүйлөп: 
“Биз узак жылдардан бери өз пенсиябыз үчүн акча төлөп жүрөбүз. Биз чындап эле балдарыбыз менен неберелерибизге карыз калтырабызбы? Ар ким өзүнө жоопкерчилик алышы керек. Менимче, өкмөт бүгүн тайманбастыгын көрсөтүүдө,-деди.

 

Франция өкмөтү пенсия боюнча реформа  зарыл, ансыз бюджеттик тартыштык менен күрөшүү мүмкүн эмес деп актанууда.

XS
SM
MD
LG