Түркиянын түштүк чыгышында өкмөттүк күчтөр менен болгон кагылышта тогуз күрт козголоңчу жок кылынды. Жарым өкмөттүк "Анадолу" агенттигинин кабарлашынча, Ирак жана Иран чек арасына ныпталаш Хаккари шаарында 6-сентябрда болгон кагылышта бир аскер жараат алган. Түркияда 12-сентябрда болчу референдум алдында күрт эрегишчилери активдеше баштаганы кабарланууда.
Күрт жикчилери 1984-жылдан тарта күрттөр жыш жашаган Түркиянын түштүк чыгышына автономия берүү үчүн куралдуу күрөш жүргүзүп келет. Бу урушта оң миңдеген адамдардын өмүрү забын болгон.
Күртчүл “Тынчтык жана демократия” партиясы күрттөр улут катары таанылбаганын айтып, өз тарапкерлерин референдумга катышпоого чакырган.