Пакистандын түндүк батышында полиция кызматкерлери жашаган конушта болгон жардырууда 12 киши өлүп, 50дөн ашуун адам жарадар болгону маалымдалды. Бомба чабуулунан Кохат районундагы Хайбер-Пактункуа шаарындагы полиция кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү жашаган имарат кыйрап калган. Райондук бийликтин башчысы Халид Кандын сөзүнчө, набыт болгондордун көбү аялдар менен жаш балдар. Куткаруучулар адамдардын арасындагы чыгым дагы көп болушу мүмкүн деп кооптонушууда.