Өлкөнүн вице-премьер-министри Александр Костюктун жетекчилиги астында Айыл чарба министрлиги, Бажы кызматы, Талас облусунун жетекчилиги жана төө буурчакты экспорттоо менен алектенген ишканалар жыйын өткөрүштү. Жыйында төө буурчакты айдоо аянттарын кеңейтүү, аны сатып алууда дыйкандардын эмгегин актай тургандай бааны кармоо жана экспорттоо иштерин жеңилдетүү маселелери каралды. Вице-премьер-министр А.Костюк экспорт жаатында өсүштөр байкалып атканын, ошентсе да төө буурчак өндүрүшүн дагы өстүрүүгө көңүл буруу керектигин баса белгиледи.
Кыргызстанда төө буурчак аянттарынын 93 пайыздан ашууну Талас облусунда. Ушул жылы 42 миң гектар жерге төө буурчак эгилген. Былтыр Талас облусу боюнча эле 62 миң тонна төө буурчак экспорттолгон. Кыргызстанда жергиликтүү жана чет элдик 22 чакты ишкана төө буурчакты экспорттоо менен алектенишет. Негизинен Кыргызстанда өстүрүлгөн төө буурчактар Түркия, Орусия, Болгария мамлекеттерине экспорттолот. (IJz)