7-сентябрь күнү кечки саат тогуздан кырк мүнөт өткөндө Ош облусуна караштуу Нура айылында күчү 4,5 даражага жеткен зилзала болду. Бул маалыматты Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун жетекчиси Канат Абдракматов “Азаттыкка” тастыктады. Жер титирөөнүн очогу Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасында, Нура айылынан 35 чакырым күн батыш жакта болуп, зилзаланын күчү 7 даражага жеткен. Маалыматка ылайык, жабыр тарткандар болгон жок. 2008-жылы 5-октябрдын түнүндө күчү сегиз даражага жеткен жер титирөөдөн улам Нура кыштагы бүтүндөй кыйрап, жалпысынан 75 адам каза тапкан эле. (КЕ)