Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:44

АКШда чиркөө башчысы Куранды өрттөө ниетинен кайтпай турганын айтууда


Флорида штатындагы чакан чиркөөнүн белгисиз пастору Терри Жонстун жарыясына караганда, ал Курандын нускаларын 2001-жылдын 11-сентябрындагы чабуулдардын тогузунчу жылдыгында, ишемби күнү өрттөмөкчү. Ал мындай планынан АКШ өкмөтү, аскерий жетекчилер, башка ири диний конфессиялардын лидерлеринин айыптоолоруна карабай баш тартпай турганын билдирүүдө. Президент Барак Обаманын администрациясы, аскерий жетекчилер, НАТО мындай кадам мусулман дүйнөсүндө кыжырдануу жаратып, Батыштын Ооганстандагы жана башка жерлердеги аскерлеринин өмүрүн мурдагыдан да чоңураакк тобокелчиликке саларын белгилөө менен 50дөй мүчөсү бар чиркөө башчысын планын токтотууга чакырышкан. Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон кечээ ооз ачыруу жөрөлгөсү учурунда сүйлөгөн кезинде пастордун Куранды өрттөө планын “адепсиз жана уят” иш катары мүнөздөдү:

-Биз Гейнсвилл шаарындагы динаятчы ыйык Куранды 11 –сентябрда өрттөөнү мерчемдеп жаткандыгы тууралуу кабарлар түшүп жаткан учурда чогулдук.. Мени бул адепсиз аракетти христиан –евангелистерден тартып баардык диний уюмдарынын өкүлдөрү, АКШнын секуляр ишмерлери, коомдук пикирдин лидерлери апачык айыптаганы шыктандырды.


“Дүйнөлүк пропаганда борбору ” деген аталыштагы чакан чиркөө жайгашкан Гейнсвилл шаарынын бийликтеринин айтымында, эгер өрттөө фактысы чын эле орун алса жергиликтүү бийликтин чечимин бузгандык болот. Шаар бийликтери чиркөөнүн Куранды өрттөөгө уруксат берүү жөнүндөгү өтүнүчүн четке каккан. Куранды өрттөөгө камынып жаткан Терри Жонс ислам “катаал жана кыянатчыл” дин деген көз карашты карманган динаятчы.

Бул аралыкта эгер америкалык динаятчы Куран китепти өрттөө ниетин ишке ашырса, Ооганстандагы гуманитардык уюм кызматкерлеринин өмүрү да коркунучка кептелерин БУУнун бул өлкөдөгү гуманитардык уюмдарды тейлеген мекемеси эскертти.

XS
SM
MD
LG