Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:47

Тажикстандагы жардыруу үчүн исламчыл топ жоопкер болду


Кыргызстанга жакын жайгашкан Хожент шаарында милициянын эки кызматкерин мерт кылган өткөн аптадагы жардыруу үчүн “Жамаат Ансарулла” деп аталган, буга чейин анча белгисиз исламчыл топ жоопкер болду. Мындай билдирүү согушкерлерге жантарткан “Кavkazcentr.com” интернет баракчасында жайгаштырылган. Аталган топ өз аракетин мусулмандарга каршы жасалган чабуулдар үчүн өч алуу деп түшүндүргөн. Өткөн жума күнү жанкечти автоунаа менен Хожентте милицияга караштуу имаратты келип сүзгөндө эки милиционер өлүп, 25тейи жаракат алган. Тажик бийликтери жардырууну Өзбекстан ислам кыймылынан көргөн болчу. Бул окуянын алдында тажик түрмөсүнөн 25 кылмышкер качып кеткен эле. Алардын айрымдары “ал-Каида” менен байланышы бар согушкерлер деп эсептелет. Азыркыга чейин качкандардын экөөсү кайра колго түштү.

XS
SM
MD
LG