Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:44

Ошто айтылып жаткан ушак-айыңдар такталган жок


Түштүк башкалаасындагы күч органдары, жалпы актив жана коомчулук өкүлдөрү катышкан жыйында Ош шаарындагы коомдук саясий кырдаал кең-кесири талкууланды. Калаанын милиция башчысы Курсант Асанов билдиргендей, айрым чагымчыл күчтөр турукташып бараткан кырдаалды курчутуп, «Тажикстандан согушчандар Ош облусуна басып кириптир, Орозо айттан кийин кыргыздарга, же тескерисинче, өзбектерге кол салышат экен» деген ушактарды таратышкан. Акыркы убакта түшкөн жүз чакты маалыматтын бири дагы ырасталган жок. Ошондуктан, атайын кызматтын жана ички иштер органдарынын жетекчилери өлкөнү дестабилдештирүүгө жол беришпей тургандыгын, муну үчүн күч жана каражаттар жетишээрлик экендигин ачыкташты.

Ошентсе да, жергиликтүү тургундардын айтымында, аймактык айрым массалык маалымат каражаттары жогорудагыдай мазмундагы кабар-макалаларды жарыялашып, элди ого бетер дүрбөтүп жатышат. Бирок жарык көргөн материалдардын авторлоруна карата эмдигиче чара көрүлө элек. (ATo)

XS
SM
MD
LG