Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:51

Тажикстан: Динди четте окуба


Бир эле Пакистандагы ушундай медреселерде 4 миңдей тажик окуйт
Бир эле Пакистандагы ушундай медреселерде 4 миңдей тажик окуйт

Тажикстанда бийликтер ондогон студенттерди Иран менен Пакистанга диний окууга жөнөтпөй коюшту. Бир нече күн мурдараак тажик президенти Эмомали Рахмон ата-энелерди балдарын чет мамлекеттердеги медреселерге жибербөөгө чакырган эле. Рахмон анын себебин “студенттер террористтер менен экстремисттерге кошулуп кетишет” деп түшүндүргөн.

Душанбеден Тегеранга жөнөгөн учакка отуруш үчүн Тажикстандагы башкы аба майданына келген ондогон студенттерди, окутуучулар менен изилдөөчүлөрдү өткөн ишембиде бийликтер токтотуп калышты. Бирок бул окуя жөнүндө кабар шаршембиде гана айтылды.

Билим берүү министрлиги Тегеранга барам дегендер ал жакка эмне максат жөнөшкөнүн айтышкан эмес дейт.

Министрликтин эларалык байланыш бөлүмүн жетектеген Ражабали Сангов “Азаттыктын” тажик редакциясына айтканына караганда, алар Ирандын Душанбедеги элчилигинен бир түшүнүксүз кат алышкан экен. Ал катта 71 адам Тегеранга кыска мөөнөткө эсептелген окуу программасы менен жөнөшкөнү айтылган. Болгондо да ал кат студенттер менен окутуучулар “мына, эртең Тегеранга кетишет” дегенде гана келди дешти.

Санговдун айтымында, кийин текшере келишсе, алардын бирөөсүнө да окуу жайлардын же ишканалардын жетекчилери чет-өлкөгө кетүүгө уруксат беришпептир.

“Алар сыртта окуганы жөнөшсө, эмне үчүн Билим берүү министрлигине кабарлап коюшпады? Кантсе да, окуу программалары үчүн Тажикстанда министрлик жооп берет да, - дейт ал. - Студенттер менен окутуучулар жаңы окуу жылы эми эле башталганда кетип жатышпайбы. Алар билим берүү боюнча иштеген адамдарга кабарлап коюшу керек болчу”.

Ражабали Сангов ал топ Тегеранда бир ай эмне менен алек болоорун, эмнени окуй турганын айтышпаганын да кошумчалады.

"Үйгө чакырткыла!"

Тажикстанда бийликтер студенттерди чет жакка окууга жөнөтпөй койгон учурлар буга чейин деле болгон. Өткөн айдын этегинде 10 тажик студентин “айрым техникалык катачылыктар, окуу программасынын максаты так айтылбаганы үчүн” Пакистандагы медреселерге жөнөтпөй коюшкан эле.

Анын алдынан президент Эмомали Рахмон да Хатлон аймагына барганда жергиликтүү эл менен көрүшүп, анда ата-энелерди “Балдарыңарды чет мамлекеттердеги медреселерге жибербесеңер” деп чакырган.

Эмомали Рахмон: "Балдарыңар 5-10 жылда террорист болуп кетиши мүмкүн"
“Биз өзүбүздө да диний университет ачтык, молдолорду өзүбүздө эле даярдап жатабыз. Урматтуу ата-энелер, эгерде сырттагы диний окуу жайларында билим алган балдарыңыздар болсо, аларды кайра чакыртыңыздар, - деди президент. - Эгер антпесеңиздер, 5-10 жылда алар террористтерге, экстремисттерге айланып кетишет. Алар ошол өлкөлөрдө динди эле окушпайт. Кийин келип алып, жалпы улутка, өкмөткө проблемаларды жаратышат”.

Расмий бийлик азыр Тажикстандан 2 миңдей студент чет-мамлекеттердеги диний университеттерде билим алат дейт. Бирок жергиликтүү медианын кабарына ылайык, бир эле Пакистандын өзүндөгү медреселерде 4 миңдей тажик студенти окуп жатат.

Диний кайра жаралуу

Мусулмандар басымдуулук кылган Тажикстанда да, Кыргызстандагыдай эле, дин эркиндиги коммунизмдин кулашы менен орноду. Андан бери дээрлик 20 жыл өттү. Он миңдеген мечиттер курулду. Миңдеген мусулмандар жылына Меккеи Мединага ажылыкка барып турушат.

Исламдагы негизги майрамдар өкмөт тарабынан да кабыл алынып, белгиленүүдө. Кеминде 20 медресе, бир Ислам университети иштеп жатат. Аларда окугандардан сырткары, Ирандын, Пакистандын, Египет менен Сауд Арапстандын диний окуу жайларында да тажикстандыктар бар.

Мына ушунун баарына карабай, акыркы жылдары президент Рахмондун өкмөтүн “динге чабуул коюп жатат” деп сындагандар көбөйдү.

Каршылык

Коопсуздук күчтөрү менен милиция бир топ мечиттерди, айрым адамдардын үйлөрүн текшерип, уруксаты жок эле өз алдынча динди окутканга тыйуу салышты. Эл көп топтолгон жайларда башына жоолук салынганды, хижаб кийгенди да мыйзамсыз деп табышты.

Ушул аптада болсо Тажикстандагы Уламалар кеңеши “мектеп окуучуларын мечитке намазга айдай бергенди токтоткула” деп билдирди.

Уламалар кеңеши муну “мектеп учурунда балдарды мечит менен алаксытпайлы” деген максат менен түшүндүрдү. Бирок имамдар буга зээни кейип, “азыр ыйман жолуна түшүп, мечитке агылган жаштардын саны өскөнү бийликке жакпай жатат” деп билдиришүүдө.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG