Борбордук шайлоо комиссиясынан шаршемби күнү кечинде “Азаттыкка” билдиришкендей, комиссиянын кечээки олтурумунда 4 партиянын талапкерлеринин тизмеси катталды. Калган беш партия боюнча чечим бүгүнкү жыйында чыгарылмакчы. Партияларды жана алардын талапкерлерин каттоо жараяны 10-сентябрга чейин аяктап, ал күндөн тарта үгүт иштери башталуусу керек. БШКга курултайларда бекитилген талапкерлер тизмесин жана тийиштүү документтерин 29 партия тапшырган. Башында шайлоого катышуу ниетин 57 партия билдирген болчу.