Борбордук шайлоо комиссиянын төрагасы Акылбек Сариевдин “Азаттыкка” билдиришинче, ушул тапта 24 партия катталды. Каттала элек Социал-демократтар, “Эгемен Кыргызстан”, “Кыргызстандын коммунисттери”, “Кыргызстан экономикалык кайра жаралуу”, “Үй куруучулар” партиялары калды. Аларды каттоо кечки саат алты жетилерде каралат. Партияларды жана алардын талапкерлерин каттоо жараяны 10-сентябрга чейин аяктап, ал күндөн тарта үгүт иштери башталуусу керек. БШКга курултайларда бекитилген талапкерлер тизмесин жана тийиштүү документтерин 29 партия тапшырган. Башында шайлоого катышуу ниетин 57 партия билдирген болчу.(AzK)