Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:58

УТРКнын коомдук телеканал болушуна айрым маданий ишмерлер каршы


Кыргызстандын Жазуучулар союзунун катчысы Абды Сариевдин пикиринде, мамлекеттин идеологиясын, анын бүтүндүгүн чагылдырып турган мамлекеттик телеканал болуш керек. Эгер УТРК коомдук телеканал болуп өзгөрө турган болсо, ал акчалуулардын телеканалына айланып кетиши ыктымал. Абды Сариев ушул тапта УТРК реформага муктаж экендигин, бирок реформаны ат өзгөртүү жолу менен эмес, мыкты иш билги жетекчи дайындоо менен ишке ашыруу мүмкүндүгүн белгилейт.

Кыргызстандын Коомдук теле жана радио компаниясы (КТРК) - мурда УТРК, андан да мурда КТР деген шарттуу кыскача аталыш менен маалым болгон жана бүткүл өлкөнүн басымдуу бөлүгүнө өз берүүсүн жеткире алган ири компания. Азыркы бийлик өкүлдөрү мурда оппозицияда кезинде аны коомдук сыналгы жана үналгы компанияга айлантуу талабын билдирип келген. Мындай талап 2005-жылдагы март ыңкылабы маалында да көтөрүлүп, бирок ишке ашпай калган эле. Өткөн айдын этегинде өлкө президентинин жардыгы менен коомдук телекөрсөтүүнүн байкоочу кеңеши түзүлүп, ишке киришкен. (AzK)

XS
SM
MD
LG