Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:15

"Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы БШКга кайрылды


Кайрылууда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоодо бармакка көзгө көрүнгөн белги салуу боюнча партиялардын сунушун эске алуусу керектиги айтылат. Коалиция буга чейинки шайлоолордо маркировканын талаптары туура аткарылбай, талапкерлер кайталанма добуш берүүлөрдү пайдалангандыгын, анын негизинде көзгө көрүнбөгөн сыяга болгон ишенич азайып калгандыгын белгилейт. Ошондуктан коалиция БШКны көзгө көрүнүүчү сыяны киргизүүгө чакырат.

БШКнын төрагасы Акылбек Сариев “Азаттыкка” бул маселе жыйында каралганын, шайлоодо көзгө көрүнбөгөн гана сыя колдонуларын билдирди. Мурдагы бийликтин тушунда алынып салган бул ыкма 27-июндагы референдумда кайра киргизилген эле. (AzK)

XS
SM
MD
LG