Түштүктөгү июнь айындагы коогалаңда өздөрүнүн кесиптик милдетин аткарган саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматкерлерге көмөк акча берүү тууралуу буйрукка президент кол койду. Буйрукка ылайык, Убактылуу өкмөттүн резервдик фондунан жыйырма миллион эки жүз жыйырма тогуз миң сегиз жүз (20229800) сом каражат бөлүнөт.
Көмөк акча врачтарга, жетекчилерге, Cаламаттыкты сактоо министрлигинин борбордук аппаратына 8 миң сом, орто медициналык персоналдарга 6 миң сом, кичи медициналык персоналдарга жана айдоочуларга 4 жарым миң сом жана башкаларга 2 миң сомдон берилет. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматы кабарлады. (AzK)