АКШнын мамлекеттик катчысы бул өлкөдөгү кырдаал мындан 20 жыл мурда жарандык согуш жүргөн Колумбиядагы козголоңго окшоп баратканын белгиледи:
– Бул нарко-картелдер козголоңчулуктун белгилерин улам көбүрөөк көрсөтүшүүдө. Жок жерден эле машиналардан бомба жарылып жатат. Колумбияда да мындан 20 жыл мурда да маң зат аткезчилер өлкөнүн белгилүү аймактарын көзөмөлдөп калган.
Вашингтондогу тышкы саясат боюнча жыйында сүйлөгөн Клинтон ошондой эле АКШнын өкмөтү Мексикага мыйзамдуулукту сактоо органдарынын жана нарко-уюшмаларга каршы чалгын кызматтарынын иштерин жакшыртууга ар тараптуу жардам көрсөтүп жаткандыгын белгиледи. Мексикада 2006-жылдан бери күч алган нарко-картелдерге каршы күрөштө 30 миңге чукул адамдын өмүрү кыйылды.