Флоридадагы чакан чиркөө Исламды “карөзгөй” дин деп айыптап, 2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШдагы террордук чабуулдун тогуз жылдыгына карата мусулмандардын ыйык китебин өрттөй тургандыгын эскерткен. Азиялык бир катар мамлекеттер бул иш-чара диний жаңжалдарга алып келиши мүмкүн экендигин эскертишти. Индия маалымат каражаттарын бул окуядан сүрөттөрдү жарыялабоого чакырды. Америкалык бийлик өкүлдөрү мындай аракеттер АКШга каршы маанайга шыкакчы болуп, америкалык аскерлердин, дипломат, саякатчылардын өмүрүн коркунучка такай тургандыгын, бирок сөз эркиндиги кепилдеген өлкөнүн Конституциясы боюнча эч кандай чара көрө албай тургандыгын айтууда. АКШнын элчиликтерине коопсуздук чараларын кайра карап чыгууга буйрук берилди.