Түндүк Осетия жумуриятынын баш калаасындагы базардагы катуу жардыруудан дагы 80 чакты киши жараат алды. Киши котологон борбордук базардын кире беришинде турган унаада бомба жарылган. Орусиянын баш прокурорунун өкүлү Владимир Маркин бүгүн саат 11ден жыйырма мүнөт өткөндө Владикавказ шаарынын борбордук базарынын кире беришинде токтотулган машинада жан кечти бомба жардырганын бышыктап, террордук кол салуу боюнча тергөө башталганын кошумчалады. Жумурияттын президенти Таймураз Мамсуров машинадан башы жок өлүк табылганын, ал бомба жардырган жан кечтинин сөөгү болушу мүмкүн экендигин билдирди. Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Түндүк Кавказ боюнча атайын өкүлүн Владикавказга шашылыш жөнөттү.