Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:59

Хюман Райтс Уотч Ооган шайлоосу коркунучта экендигин эскертти


Укук коргоочу уюмдун бүгүн жарыялаган билдирүүсүндө талапкерлерге кол салуулар жана коопсуздуктун начардыгы 18-сентябрда өтө турган парламенттик шайлоого коркунуч туудуруп жаткандыгы айтылат. Уюмдун изилдөөчүсү Рашел Рейттин сөзү боюнча, «талиптердин чабуулдары жана ооган өкмөтүнүн шайлоону тынч өткөрө алаарына болгон ишенимдин жоктугу добуш берүүнүн мыйзамдуу күчкө ээ болушунан күмөн туудурууда. Шаршембиде ооган бийликтери «коопсуздук абалдын начарлашына байланыштуу» Нангархар дубанындагы 460ка чукул шайлоо бекетинин 80ден ашыгы ачылбай иштебей каларын кабарлаган. Ага чейин шайлоо бийликтери өлкө боюнча дагы 900дөн ашык шайлоо бекетин ачуу мүмкүн болбой тургандыгын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG