Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:10

“Салтанатты” түркиялыктар жактырып калышты


31-августтан тарта 6-сентябрга чейин Ош шаарындагы “Салтанат” аттуу фольклордук чыгармачыл топ Түркияда гастролдо болуп, жергиликтүү жашоочулардын жогору баасын алып кайтышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирет. “Салтанат” фольклордук тобу менен бирге төкмө акын Шекербек Адылов да түркиялыктарга өнөрүн көргөзүп кайтты.

Аталган чыгармачыл топтун концерттерин Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги уюштуруп, ага Кыргызстандын Маданият жана маалымат министрлиги көмөк көрсөттү. Кыргызстандык артисттер Түркияда 31-август эгемендик күнүнө карата өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Ошондой эле Түркиянын бир катар шаарларында Кыргызстандын күнү, эгемендиги белгиленип, Кечиоран аттуу шаарда кыргыз боз үйү тигилди. (IJz)

XS
SM
MD
LG