Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Казакстанда токойлор өрттөнүүдө


Казакстандын түндүк аймактарындагы токойлорду каптаган өрттө беш киши набыт болду. Чукул кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, 500дөн ашуун өрт өчүргүчтөр өрткө каршы күрөшүүдө жана 260тан көп адам коопсуз жайларга көчүрүлдү.

Казакстандагы өрт Орусиянын Алтай регионуна да жайылып, аймакта чукул кырдаал абалы жарыяланды. Орус бийликтеринин айтышынча, өрт 400дөн ашуун үйдү кыйратып, 1000 чамалуу адам там-жайсыз калды. Быйыл жайда Орусияда болгон кургакчылыктын айынын чыккан өрттө 60тан ашуун киши набыт болгон.

XS
SM
MD
LG