Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:10

Торонто фестивалында кыргыз тасмасы көрсөтүлөт

Кыргызстандык режиссер Актан Арым-Кубаттын буга чейин Канн, Локарно фестивалдарына катышып келген “Свет Аке” аттуу көркөм тасмасы “фестивалдардын фестивалы” деген атка конгон 35-Торонто эл аралык кино фестивалында бүгүн көрсөтүлөт. Элеттеги электрикчинин турмушун сүрөттөгөн бул тасма ар кыл өлкөлөрдөн келген белгилүү режиссерлор, актерлор жана кино сүйүүчүлөрдүн назарына сунушталмакчы.

Тасманын режиссерунун «Азаттыкка» билдиришинче, 35-Торонто эл аралык кино фестивалы 9-сентябрдан 19-сентябрга чейин созулуп, анда дүйнөнүн кеминде 60 өлкөсүнөн келген 300гө жакын тасма көрсөтүлмөкчү. (KKs)
​
XS
SM
MD
LG