Хьюман Райтс Уотч уюму Ооган өкмөтүнүн 17-сентябрда болчу парламенттик шайлоонун коопсуздугун камсыздай аларына ишенбейт. “Талиптердин чабуулу жана Ооган өкмөтүндө шайлоонун коопсуз өтүүсүн камсыздоо боюнча бекем ишеничтин жоктугу шайлоону өттү деп таанууга коркунуч жаратат”,-деп айтылат эл аралык уюмдун изилдөөчүсү Рахел Райд жасаган билдирүүсүндө. Шаршемби күнү Ооган бийликтери Нангахар провинциясындагы 458 шайлоокананын 81и коопсуздук жагдайынан улам ачылбасын кабарлаган. Анын алдың опураталдуу кырдаалга байланыштуу өлкө боюнча 900дөн ашуун шайлоокана 17-сентябрда иштебесин БШК маалымдаган болчу.