Президент Роза Отунбаеванын куттуктоо сөзүндө бул ай орозо кармагандар үчүн чоң сыноонун айы болгону, ушул тапта адамдар бири-биринен алыстап, мамилелер сууп бара жатканда бул күнү ар бир мусулмандын үйү бардык адамдар үчүн ачык болоору жазылган. Мындан сырткары Рамазан айы жана Орозо айт майрамы бардык элди кечиримдүү болууга үндөрү, бир туугандык, достук мамилеге багыттары белгиленген. Президент куттуктоосунда үзүлгөндү улап, чачылганды жыйнай турган мезгил келгенин, ынтымак менен кыйынчылыктарды жеңүү мүмкүн экендигин, жаралар айыгарын билдирген. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты. (KKs)