Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:50

Орозо айтта Түштүк тынч болду


Ош шаарында Сулайман тоонун этегиндеги намазга бир миңге чукул кыргыз-өзбек катышты. "Азаттыктын" кабарчысы билдиргендей, анда молдолор тынчтыкка, боорукерликке, чыдамкайлыкка жана бүгүнкү кыйын кырдаалда оштуктарды колдоого чакырышты. Областтын жетекчилиги Оштун борборундагы мечитке барды.

Жалал-Абад, Баткенде да намаз окулуп, орозо айт белгиленди.

Бишкектин эски аянтында 50 миңдей момун мусулман айт намазга жыгылып, президент Роза Отунбаеванын администрация башчысы Эмил Каптагаев жана Ирандын элчиси Манучехр Моради сөз сүйлөдү. Иш-чаранын коопсуздугун жүздөгөн тартип коргоочулар камсыздап турушту. (JCH)

XS
SM
MD
LG