Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:59

Германияда кыргыз жамааты курултай өткөрөт


КМШ өлкөлөрүнүн жарандары менен чогуу өтүүчү фестивалдын чегинде кыргыздар Кыргызстандын көз карандысыздыгына арнап боз үй тигип, немис фермасынан кымыз алдырышууда. Уюштуруучулардын бири Кубан Жумалиевдин "Азаттыкка" билдиришинче, Гиссендеги (Франкфурттан 80 чакырым аралыктагы шаар) эртеңки иш-чаранын катышуучулары Кыргызстандагы коогалаңда каза тапкандардын арбагына багыштап куран окутушат. 100 чакты кыргыз жарандары келет деп күтүлгөн курултайды Германиядагы "Манас достук" уюму Кыргызстандын Берлиндеги элчилиги менен бирдикте уюштуруп жатат. Кыргызстандын көз карандысыздыгын 11-сентябрда АКШдагы кыргыздар да Нью-Йоркто майрамдап жатышат. (JCH)

XS
SM
MD
LG