Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:32

Кыргызстан өзбек газы үчүн 1,7 млн доллар карыз


Бул тууралуу 9-сентябрда өткөн өкмөттүн отурумунда маалым болду. «Кыргызгаз» компаниясынын башкы директорунун орун басары Абдымажит Маматисаевдин айтымында, эки өлкө ортосундагы макулдашууга ылайык Кыргызстан газ үчүн болгон акыны ар бир айдын аягында Өзбекстанга алдын ала төлөп турууга тийиш. “Төртүнчү чакырылыштагы парламент калкка газды өз баасынан төмөнүрөк берүү максатында “Кыргызгазга” 5,2 млн. доллар суммасындагы субсидия бөлүп берүү жөнүндө токтом кабыл алган. Бирок парламент караган каражат биздин компанияга түшө элек. Ал эми “Кыргызгаз” ар бир куб метр газ үчүн үч сомдон ашык чыгаша тартып жатат. Андыктан өкмөттөн бул маселени чечип берүүсүн өтүнөбүз”, - деди А.Маматисаев. (ES)

XS
SM
MD
LG