Тажик бийлиги бери дегенде 20 согушкер ушул жуманын башында атып өлтүрүлгөндүгүн маалымдайт. Чек ара кызматынын маалымат катчысы полковник Хушуд Рахматуллаевдуин айтуусунда, согушкерлер ооган өкмөтүнө каршы күрөшкөндөр жана алар эки өлкөнү кесип өткөн Пянж дарыясындагы аралчада жашырынып жүрүшкөн. Согушкерлер менен тажик күчтөрүнүн кармашы 8-сентябрда башталып, 9-сентябрдын таңында аяктаган.