Ооганстандын Логар провинциясында АКШдагы Куранды өрттөө акциясына каршы митингге чыгышты. Ооган бийлигинин билдиргенине караганда, митингге чыккандар полиция бекеттерине жана дүкөндөргө ок атып, америкалык чиркөө башчынын Куранды өрттөө аракетинен кайтпай жаткандыгына нааразылык билдирүүдө. Провинциялык бийликтин маалымат катчысы Динмухамед Дарвиш губернатордун үйүнө кол салууну көздөгөндөргө каршы полиция митингчилерге эскертип, асманга ок аткандыгын маалымдады.