Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:51

Д.Медведев: парламенттик башкаруу Орусия үчүн «катастрофа»


Д.Медведев парламенттик башкаруу Орусия үчүн катастрофа болорун эскертти. Бул тууралуу орус президенти Ярославл шаарында өтүп жаткан эки күндүк конференцияда айтып, Орусиянын азыркы саясий системасы кадам-кадам менен өтө этият модернизацияланышы керектигине токтолду. Президент Медведев көпчүлүк орусиялыктардын демократия менен мамилеси «катаал» экендигин, ал болсо 1990-жылдарда өзгөрүүлөр жакырчылыкка алып келгендиги менен байланыштуу деди.

Эки жыл мурда бийликке келген Орусия президенти демократиялык реформаларды ишке ашыруудагы мажирөөлүгү менен митингдерге чыккандарга каршы милициянын чектен чыккан аракеттери үчүн сынга алынып келет.

XS
SM
MD
LG