Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Ошто орусиялык аскерий машыгуу борбору ачылышы мүмкүн


Мындай демилгени талкуулоо максатында Орусиянын коргоо министри Анатолий Сердюков Кыргызстандын коргоо министри Абибилла Кудайбердиевди Москвага чакырган. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары билдирүүдө. Кабарларга караганда, эки тарап өлкөлөр аралык аскерий кызматташуу жана Кыргызстандагы орусиялык аскерий базалардын жайгашышы тууралуу келишимдерди карап чыгышмакчы. Кыргызстандын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Мурат Ашырбековдун “Азаттыкка” маалымдашынча, министр Абибилла Кудайбердиев Орусияга 12-сентябрда учуп кетет. (ES)

XS
SM
MD
LG