Партиянын лидери Эдил Байсаловдун “Азаттыкка” билдиршинче, үгүт иштеринин экинчи күнүндө партиянын "Манас" көчөсүн бойлой мамыларда, дубалдарда чапталган жарнактарын Бишкек шаардык “Тазалык” муниципиалдык мекемеси сыйрып салган.
Эдил Байсалов мунун артында кайсы бир мамлекеттик кызматкерлердин бир партиянын камчысын чаап, алга сүрөө аракети жатышы мүмкүндүгүн айтат.
Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Муса Коңуров көрнөк-жарнактарды жайгаштыруунун жол-жоболоруна туура келбеген, шаардын көркүн бузуп туш келди чапталган жарнактар сыйрылып тазаланганын, шаарды таза кармоо аракетин административдик ресурстарды колдонуунун жолу катары кароо мүмкүн эместигин билдирди.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев болсо шаарда ар бир жердин кожоюну бар экендигин айтып, партиялар биринчи кезекте уруксат менен гана көрнөк-жарнактарын чапташы керектигин белгилейт.
Шайлоо кодексине ылайык, саясий партиялар мыйзамдарда белгиленген тартипте басылма, аудиовизуалдык жана башка үгүт материалдарын тоскоолдуксуз чыгарууга жана таркатууга укуктуу. Ошол эле учурда көрсөтүлгөн материалдарды эстеликтерге, тарыхый, маданий же архитектуралык баалуулугу бар имараттарга, ошондой эле шайлоо комиссиялары турган жайларга, добуш берүүчү бөлмөлөргө чаптоого тыюу салынат. (AzK)