«Бир жерде» деп аталган тасма аракечтикке, баңгиликке, тийип-качма кездешүүлөргө берилген Голливуд актерунун мээ кайык болуп калган турмушун анын 11 жаштагы кызы менен мамилеси аркылуу сүрөттөйт. Франсиз Форд Копполанын кызы тарткан тасма бир мейманканадан экинчи мейманканага атасын ээрчип жүргөн өзүнүн кичинекей кезиндеги турмушуна негизделген.