Бул кечээ болгон, ал эми бүгүн Дагестанда Түндүк Кавказ Федералдык аймагынын Анти-терроризм бөлүмүнүн жетекчиси Гапал Гажиевди белгисиз куралчандар атып кетишти. Жума күнү Дагестандын баш калаасы Махачкаланын жака-белинде бир тартип коргоочу атып өлтүрүлгөн эле. Дагы бир полициячы Ингушетиянын Назран шаарында өлтүрүлдү. Кабардин-Балкарияда кечээ полициячыларды алып бараткан машина жол боюнда бомбага жарылып, беш тартип коргоочу жарадар болду. Бейшембиде Түндүк Осетиядагы жардырууда 17 киши каза таап, 140тан ашыгы жаракат алган.