Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:14

Ошто президенттин катышуусунда коомдук-саясий кырдаал талкууланууда


Учурда президент Роза Отунбаева Ош облусунун жана шаарынын укук коргоо, сот органдарынын жетекчилери менен жолугушууда. Анда аймактагы акыркы кездеги коомдук-саясий кырдаал талкууланууда.

Улуттук коопсуздук кызматынын Ош облусу жана шаары боюнча башчысы Турат Асанбаев кырдаал соңку мезгилде турукташып бараткандыгын, бирок айрым саясий күчтөрдүн тетири иш-аракеттери, ошондой эле бир катар эл аралык уюмдардын жана массалык маалымат каражаттарынын июнь окяларын бир жактуу чагылдыруусу, буга удаа жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын аларга шыкак берүүсү акыбалдын жакшырышына терс таасирин тийгизип жаткандыгын билдирди. Аймактын башкы чекистинин пикиринче, эл аралык уюмдардын Кыргызстандын ички ишине кийлигишүүсүнө жол бербөө максатында чукул иш-чараларды көрүү абзел. Антпегенде, аталган мекемелердин бир тараптуу иши улуттар аралык жаңы чыр-чатактардын тутанышына ыңгай жаратуусу ыктымал.

Ошол эле учурда президенттик администрациянын коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Бусурманкул Табалдиев акыркы кезде элди катуу дүрбөлөңгө салган чагымчыл күчтөрдүн далалатын идеологиялык диверсия катары баалап, аны уюштургандарды токтоосуз табуу жана жазалоо багытында укук коргоо органдары, айрыкча улуттук коопсуздук кызматы чабал иштеп жаткандыгын белгиледи. (ATo)

XS
SM
MD
LG