Өлкө башчысы алгач укук коргоо жана сот органдарынын жетекчилери, жактоочулар менен жолугушат. Андан соң Ош, Жалал-Абад облустарында берилген гуманитардык жардамдардын таркатылышы тууралуу бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн маалыматын угат. Ош шаарындагы президенттин кабылдамасынын ачылышына катышып, ага кайрылган 22 адамды жеке арызы менен кабыл алат. Президент сапарынын соңунда эл аралык жана жергиликтүү ММКлардын өкүлдөрү менен баарлашуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу Оштогу кабарчыбыз билдирди.(AJ)