Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:24

Ош-Бишкек жолундагы кол салуулар боюнча сот иши башталды


Ош-Бишкек жолундагы Топурак-Бел ашуусунан түшө бериште жайгашкан “Сампа” аттуу пахта тазалоочу ишкана жанына 13-июнда жүздөгөн адамдар чыгып, ары-бери каттагандарга ок чыгарып, түрдүү кесүүчү куралдар менен кол салышкан. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча ошол күнү 16 адам каза таап, эки адам дайынсыз жоголуп, 9 унаа өрттөлгөн.

Бүгүн Сузак райондук сотунда саат 14:00дө аталган окуя боюнча сот иши башталды. Сотто бул иш боюнча 14 адам айыпкер катары өтүүдө. Жалпысынан “Сампанын” жанындагы кол салуулар боюнча козголгон кылмыш иштин негизинде 19 адам кармалган болчу. Сузак райондук сотунан “Азаттыкка” билдиришкендей, “Сампа” пахта тазалоочу ишкананын жанындагы кол салуулар боюнча кармалгандардын бардыгы өзбек тектүүлөр. Ал эми аталган кол салууларда каза тапкандардын баары кыргыздар болгон. (IJz)

XS
SM
MD
LG